Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 28.06.2017 09:10 Жаңыланды: 02.02.2018 18:09

Бала тили — бал: Чоңойгондо Йахим боюнча эле калам го, - 4 жаштагы Рахим (фото)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында жашаган 4 жаштагы Рахим Өмүрбеков.

- Атың ким?

- Йахим.

- Үйдөн сени ким көп урушат?

- Апам анан Нуйбек атам.

- Үйдөн кимди жакшы көрөсүң?

- Энемди.

- Жакшы балдар кандай болот?

- Апасына ээйчибейт.

- Жаман балдарчы?

- Апасын укпай күн ысыкта көчөдө ойнойт да.

- Акча деген эмне?

- Акча да.

- Акча кандай болот?

- Кагаздан өңдөңү ай кандай.

- Сүйүү эмне экенин билесиңби?

- Ооба, кызды сүйөсүң.

- Жакшы көргөн кызың барбы?

- Бай Арууке, Айсезим.

- Алар кандай кыздар?

- Мени менен ойношот, көп татти алып келип бейишет.

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Йахим боюнча эле калам го. Бийок BMW машина айдайм.

- Ага кимди саласың?

- Сулуу кыздайды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×