Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Талас

Айыл турмушу: Бакай-аталык М.Мырзалиев 400 сомдон сатылган сарымсак өстүрүп, коен багат (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Түйтө айылынын 34 жаштагы тургуну Майрамбек Мырзалиев сарымсак өстүрүп, коен багып келет. Анын иши менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, жаңы жылга жакын сарымсактын 1 кг 400 сомго чейин сатылат.

«Мурда сарымсакты шаарга алып барып сатчубуз. Ал учурда 1 кг 10 сомдон гана алышчу. Кайра эле үйгө керектүү буюмдарды алып кайтчубуз. Учурда айыл чарбада кымбат баалуу өсүмдүктүн бири. Анткени арзан кезинде 1 кг 100 сом болот. Жаңы жылга карата 400 сомго чейин жетет. Сарымсакты октябрь айынан баштап, жер тоңгонго чейин отургузса болот. Жазда көктөп чыгып калат. Тигүүдө аралыгы 1 карыш болуусу зарыл. 3-4 жолу сугаруу керек. Биринчи сугарууда көбүрөөк суу берүү зарыл. Кийинкилеринде көп суу чиритип салышы ыктымал. Сарымсак абдан кирешелүү өсүмдүк», - деди ал.

Дыйкан буга катар эле великан породасындагы коендорду багат.

«6 айлык коендор 500 сомдон сатылса, 1,5 айлык бөжөктөрүн 150 сомдон сатабыз. Бул эки чарба тең көп мээнетти талап кылбаган иштер. Кичине кезимде 2 коен багып, жарым жыл ичинде саны 60ка жеткен. Бир коен 13 бөжөк тууп, кайра бага албай калышы мүмкүн. Бир коен 8 бөжөктү гана бага алат. Коендор чөп менен азыктанат», - деди ал.

Дыйкан-фермер жубайы экөө 2 кыз, 1 уулдун ата-энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3366
Көп окулду
×