Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Талас облусуБакай-Ата району 19.12.2017 11:48

Жеңеке: Үмүт жеңе келин болгондо камыр жая албай кыйналган (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылындагы Айдос кызы Үмүт жеңе келин болгондо камыр жая албай кыйналган. Аймактык кабарчы жеңеке менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында чоңойгон. Жолдошу Сейиткалы уулу Азамат менен 2012-жылы баш кошкон.

«Азамат менен тайпалаш кызым аркылуу таанышкам. Тайпалаш кызымдын бир тууган акеси болот экен. Мен курбум менен үйүнө барып, келип жүрүп, экөөбүздү үйүнөн тааныштырган. Алгач акыбалыбызды сурашып, телефон чалышып, сүйлөшүп жүрдүк. Кийин бара-бара бири-бирибизге жакын боло баштадык. Ошентип 1 жыл сүйлөшүп 2012-жылы ноябрь айында баш коштук. Азамат менин ата-энем менен таанышып кеткен. Ал эми кайын журтум мени курбум менен үйүнө барып жүргөндө эле таанычу», - деди ал.

Жеңеке буга катар эле жолдошунун кантип сунуш киргизгендигин айтып берди.

«Бир күнү күтүлбөгөн жерден «эртең эмес, бүрсүгүнү уйлөнөм, жүр көйнөк тандап келебиз» деп сунуш киргизген. Мен да жакшы көргөндүктөн каршылык көрсөтпөй макул деп жообун бердим. Салт болгондой сөйкө салып, кыргыздын салты менен үйдөн алып кетишти. Азамат үйдүн экинчи баласы болсо да мен үйдүн биринчи келини болуп босогону аттадым. Кайын энем, кайын атам алтын адамдар, жаш деп көп нерсени үйрөнүүмө жардамчы болушту. Келин болуп келгенде конок көп келет эмеспи. Келген конокторго сөзсүз эт асып, камыр жайып күлчөтай жазап берчүбүз.

Бир күнү үйгө коноктор келип калып камыр жая албай аябай уят болгом. Жайган камырым формасына келбей сүйрү болуп жайылып калып, калыбына келтире албай көпкө убара болгом. Кайын энем улам келип карап кетет. Мен болсо ансайын сүрдөнүп, камырды араң жайып бышыргам», - деди ал.

Жаш жубайлар учурда 1 кыз, 1 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×