Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Талас облусуБакай-Ата району 19.12.2017 10:32

Айыл турмушу: К.Умарканов кол күрөш менен машыгып, чеберчилигин башкаларга да үйрөтүүдө (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын 25 жаштагы тургуну Кутманбек Умарканов кол күрөш, таяк тартыш менен машыгып, чеберчилигин башкаларга да үйрөтүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кол күрөш менен алектенгенине 3 жыл болду.

«Биринчи иним машыга баштаган. Аны ээрчип мен дагы кызыгып кеттим. Кыргызстандын 60 кг салмактагылар арасында өлкө чемпиондугун 2 жолу алдым. Азыр салмагым андан оор. Кол күрөш, таяк тартышта негизгиси колдун күчүнө таянасың. Жумасына 3 жолу машыгуулар болот. Машыгууда физикалык күчтү гана эмес, өзүңдө чыдамкайлыкты, сабырдуулукту дагы тарбияласаң болот. Айылыбыздагы спортко кызыккан балдарга машыгууну көрсөтүп, өзүм менен ала жүргөндөр бар», - деди ал.

Спортчу буга катар эле мелдештерге катышуудагы кызыктуу окуясын айтып берди.

«Эң эсте каларлык окуям Ат-Башы районунда өткөн мелдешке катышканымда болгон. Ошол кезге чейинки мелдештерге 65 кг салмак даражада чыкчумун. Мелдешке 55 жана 75 кг менен гана катышат экен. Агайыбыздан менин салмагымды сураганда менин салмагымды 60 кг деп айтышат. Өзүм таразага түшсөм 65 кг болдум. Мени болсо мелдешке жаздырып койгон. Эртеси эле үзүрлүү машыгуу, диета кармап баштадым. Нан, камыр тамак жебей, жалаң кара нан жеп отуруп 15 күндө 10 кг арыктап, 55 кг салмактагылар арасында мелдешке чыккам. Салмагың азайган сайын күчүң да азаят экен. 1-орунду албасам да 2-орунду алып, 10 миң сом байге алып келдим. Бирок абдан чоң мээнетти талап кылган сыноо болду», - деди ал.

Спортчу үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×