Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Талас

Жеңеке: Асыл жеңе келин болгондон кийин эле жолдошун аскерге алып кетип калышкан (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы 31 жаштагы Төрөбекова Асыл жеңе жаңы келин болгондон кийин эле жолдошун 1 жылга аскерге алып кетип калышкан. Аймактык кабарчы жеңеке менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай Ата районунун 1-Май айылында чоңойгон. Жолдошу Адилет Соорбеков экөө 2005-жылы 29-ноябрда баш кошкон.

«Үйдүн улуу келини болуп бардым. Мага эң кыйыны жолдошумдун армияга 1 жылга кетип калганы болду. Ал убакта экөөбүздүн баш кошконубузга аз гана убакыт болгон.

Бир күнү эле уктап жатсак эртең менен эрте формачан 2 киши келип, «медкомиссиядан өтөсүң» деп эле шашылыш тургузуп алып кетип калды. Ошол бойдон үйдөгүлөр болуп күтүп отурабыз, келген жок. Кечинде отурсак коңшу бала келип, Адилетти 1 жылга аскерге алып кетишкендигин айтты. Ошол учурдагы менин ыйлаганым... Эч нерсени түшүнбөй эле кала бердим. Күндүз кечке үй жумуштары менен алектенип алаксыйм да кечинде бөлмөмө кирип алып ыйлай эле берчүмүн. Өзүм жаңы келин болуп келсем, анын үстүнө жолдошум 1 жылга чейин жанымда болбосо көп эле кыйынчылык болот экен. Ыйлап-сыктап отуруп 1 жылды өткөрдүм. Жолдошум келе турган күндү чыдамсыздык менен күтүп, кубанычтуу күтүп алдым. Тосуп алган күндү сөз менен жеткире албайм, өзүнчө бир бактылуулук болгон», - деди ал.

Жубайлар учурда 3 баланы тарбиялап жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1232
×