Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 19.12.2017 16:08

Мекендештер: Бакай-аталык А.Сатканкулов Кореяда өзү акысын төлөп билим алууда (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылынын 21 жаштагны тургуну Адис Сатканкулов Түштүк Кореянын Кимчхон шаарындагы университетте билим алууда. Аймактык кабарчы алыстагы мекендештен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бишкек шаарындагы Кыргыз-Корей колледжин бүтүргөн. Кореядагы окуу акысына 6 ай сайын 1800 доллардан төлөйт. Аны табуу үчүн окуудан тышкары жеке ишканалардын биринде иштеп, күнүнө 91 доллардан маяна алат.

«Түштүк Кореяга тааныштарым аркылуу келип калдым. Бул жакка келүүгө мага виза ачуу оңойго турду. Анткени 1 же 2 деңгээлде корей тилин билет деген сертификат болсо элчиликтен жеңил мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Мен корей тилинде эркин болбосо дагы сүйлөп, оюмду түшүндүрө алчумун. Бул жакта билим сапаты өтө жогору. Азыркы учурда корей тилин үйрөнүү курсунда окуп жатам Окуу дүйшөмбүдөн жумага чейин 4 сааттан болот. Ишемби жана жекшемби күндөрү күнүмдүк жумуштарда иштеп, акча таап турам. Бул жакта жашоо кымбат. Акча таа 6 ай сайын окуумдун акысын төлөп турам», - деди ал. Студент буга катар эле корейлердин маданияты жөнүндө айтып берди. «Маданияты биздикине окшошуп кеткен жактары да бар. Корей ашканасынын даамдары аябай көп. Корейлер ачууну жакшы көрүшөт. Ошондуктан тамактын дээрлик баары ачуу. Корей эли чынчыл жана так жүрүшөт. Көп иштешет, бирок жеңил жумуштар менен алектенишет. Оор жумуштарын чет жактан келген мигранттар аткарышат», - деди ал.

Адис үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×