Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Талас

Жеңеке: Бермет жеңе жолдошунун сүйлөшкөн кызы чыкпай койгон үчүн анын ордуна турмушка чыгып калган (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы 25 жаштагы Калназарова Бермет жеңе жолдошунун сүйлөшкөн кызы үйлөнөр күнү чыкпай койгон үчүн анын ордуна турмушка чыгып калган. Аймактык кабарчы жеңе менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, айылдаш жолдошу Анарбек Калназов экөө 2010-жылы баш кошкон.

«Алгач жолдошум башка кыз менен сүйлөшүп жүрүп, үйлөнүүнү болжошкон күнү кызы качып чыкпай койгон экен. Планда жок жерден эле мага үйлөнүп калган (күлүп). Күйөөмдү «мени кокусунан жубай кылып алдың» деп жаман көргөн жокмун. Бир айылдан болгондуктан мурда ага катары гана учурашып койчумун. Жаңы келин болгондо 18 жашта элем. Жаш болуп, көп нерсени оюма албай жүрчү экенмин. Жаш балача ойноп, жыргап эле жүрө берчүмүн. Кудайга шүгүр, бирге жашаганыбызга 7 жыл болду», - деди ал.

Бермет жеңе 3 баланын апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3554
Көп окулду
×