Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 20.12.2017 14:19

Бала тили — бал: Чоңойгондо апамдай сулуу кызды алып келем, - 5 жаштагы Алинур (фото)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз-караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Бакай-Ата районунун Ынтымак айылында ата-энеси менен жашаган 5 жаштагы Алинур Кудайбергенов.

- Алинур, кайсы оюнчукту жакшы көрөсүң?

- Тачки

- Сен акылдуу баласыңбы же келишимдүүбү?

- Акылдуумун, келишимдүүмүн. Чоңойгондо апамдай сулуу кызды алып келем.

- Каякка алып келесиң?

- Апама келин кылып да.

- Кайсы жакта жашайсың?

- Биякта (колу менен көрсөтүп).

- Кимди жакшы көрөсүң?

- Атамды.

- Апаңды жакшы көрөсүңбү?

- Ооб, апамды жакшы көйөм. Анан чоң атамды, апчемдейди, акемди да жакшы көйүп таштайм.

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Пйезидент болом.

- Президенттер эмне кылышат?

- Телевизойдон сүйлөйт, кычыйап кийинишет.

- Туулган күнүң качан?

- Менин туулган күнүм күн сайын болот да.

- Телефонду колдонгонду билесиңби?

- Ооба «Ютубга» кийгенди билем, интейнетке кием, «Одноклачсникке» отуйам, апчемдейге сүйлөп жөнөткөндү билем.

- Сени апаң кантип эркелетет?

- Телефон бейип эйкелетет, Шйектин мышыгы деп эйкелетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×