Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 25.12.2017 09:31

Жаш талант: Бакай-аталык А.Аманов «Манас таануу» сынагына катышууга команда топтоп жатат (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын 17 жаштагы тургуну Ажо Аманов «Манас» айтып, ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы жаш манасчы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 4-классынан бери «Манас» айтып келе жатат. Учурда 11-класста окуйт.

«4-класста окуп жүргөндө сынак болуп, «Манас» айтып калгам. Ошол жылдан бери «Манас» айтууга кызыгып, аралашып келе жатам. Кийинчерээк Кең-Арал айылындагы жердеш Кубанычбек Маряпов агамдын «Манас» айтканына кызыгып, ошол адамдан үлгү алып баштагам.

2016-жылы Тарых жана маданият жылына карата өткөн сынакта «Манас» айтып, 3-орунга ээ болгом. Учурда «Манас» таануу боюнча команда топтоп жатабыз. Ар жыл сайын Бишкекте «Манас таануу» сынагы өткөрүлүп турат. Ошол жактан 1-орунду алып келебиз деген үмүттө болгон аракетибизди жумшап, даярданып жатабыз. 7 жылдан бери «Манас» айтуума ата-энемдин, жакын адамдарымдын колдоосу түрткү берди», - деди ал.

Жаш манасчы үй-бүлөдө 2 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×