Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Талас

Айыл турмушу: Асел жеңе жаңы келин болгондо күйөөсүнө картадан утулуп, ал буйрук кылган тамакты жасап берчү (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылындагы 26 жаштагы Алтынбекова Асел жеңе улуу абысыны менен бир күндө турмушка чыккан. Жеңеке менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, Түйтө айылында чоңойгон.

«Жолдошум Азамат кошуна айылдан болот. Өзүмдүн байкем экөө кошуна жашагандыктан дос болуп жүрүшчү экен. Байкемдин аркасы менен менин номурумду алып, телефон аркылуу сүйлөшүп калганбыз. Мындан 8 жыл мурун улуу абысыным экөөбүз Кең-Арал айылына бир күндө келин болуп келдик. Үйгө бир күндө 2 келин алганда бирин айнектен, экинчисин босогодон киргизет дейт экен. Бирок улуу абысынымды эртең менен Таластан алып барышса, мени Бишкек шаарынан кечинде алып барып, экөөбүз тең босогодон эле киргенбиз. Келин көрөбүз деп келгендерге апам бизди «бул улуусу, бул сулуусу» деп тааныштырчу.

Улуу абысыным экөөбүз 1 айдай чогуу жашадык. Азыр ойлосом экөөбүз тең жаш экенбиз. Жолдошум кышында чанага экөөбүздү салып алып, эшиктин алдына сүйрөчү. Үйдөгүлөр болсо күлүп эле эч нерсе дечү эмес. Кечинде отуруп алып, кайын сиңди, кайын инимдер менен карта ойночубуз. Азамат улам жеңип алып эле «эртең мындай тамак бышырасыңар» деп буйрук кылчу. Жаңы барганда көп нерсени билчү эмес экенмин. Кайра эле апам үйрөтүп, жолдошумдун буйругун аткарчубуз (күлүп).

Жолдошум жөнөкөй, камкор, боорукер, эмгекчил адам. Турмушка чыккандан кийин Талас медициналык колледжинде студент болгом. Үй-бүлөм абдан чон жардам берип, окуумду аяктап алдым. Келиндик доорум эркелик менен башталып, бүгүнкүгө чейин эркелик менен уланып жатат», - деди ал.

Асел жеңе 1 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1389
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×