Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Талас

Эл ичи — өнөр кенчи: Б.Атакулов тойлордо бийлеп, 3 миң сомдук сүрөттөрдү тартат (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын 21 жаштагы тургуну Бексултан Атакулов бийчилик жана сүрөт тартуу менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кичинесинен эле бийге, сүрөт тартууга, ыр жазууга, актерлук чеберчилике, кунг-фуга кызыгат.

«Дабстеп, электро бий жана хип-хоп бийи менен алектендим. Аларды биринин артынан бирин бийлеп, ар кандай фестивалдарга катышып, байгелүү орундарды ээлеп жүрдүм. «Жаштар үмүтү» уюму уюштурган коомдук иш-чарада бий боюнча 1-орунду камсыздадым. Бийлөө учурунда кыймылдарды унутуп калып, сын-пикир уккан күндөр да болду. Азыр тойлорго барып, 1 бий бийлөө үчүн 500 сом, 2 бийге 1000 сом алам.

Келечекте актерлук, сүрөтчүлүк өнөрүмдү өркүндөткүм келет. Сүрөттү болсо татаалдыгына жараша баалап, 1000 сомдон 3000 сомго чейин сатам. Мисалы портретти тартуу кыйын. Аны 2000 сомго баалайм», - деди ал.

Бийчи-сүрөтчү үй-бүлөдө 4 бир туугандын кенжеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1282
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×