Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 05.01.2018 11:00

Кайын эне: 77 жаштагы Шайбүбү апа учурда 12 келинге, 6 күйөө балага кайын эне (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Түйтө айылындагы 77 жаштагы Аңыракаева Шайбүбү апа 12 келиндин, 6 күйөө баланын кайын энеси. Аймактык кабарчы ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылынын кызы. 1958-жылы февраль айында Түйтө айылына келин болуп келген.

«Абышкам Калыгул Аңыракаев үйдүн жалгыз баласы эле. Келгенде кайын энем үчөөбүз эле жашадык. 4 уул, 3 кыздын ата-энеси болдук. Улуу балам менен келиним Айсалкын экөө 1980-жылы баш кошушту. Биринчи келин алганда сүрдөнүү болгон. Мен ошондо 41 жашта элем. Келинимди чоң автобус менен алып келишкен болчу.

Экинчи келиним Майрамды кошуна айылдан алдык. Балам экөө сүйлөшүп жүрүп, дос балдары менен такси менен эле алып келип калышкан.

Үчүнчү келиним Гүлжамалды 1992-жылы алдык. Абдан эстен кеткис болгон. Келиним Ысык-Көлдөн болот. Балам алып келе жатканда эртең менен «Бишкектен чыктык, келининизди алып баратам» деп телефон чалган. Үй-жайды актап, даярдык көрүп жатканбыз. Түштө баары үйлөрүнө кеткен. Кичинекей неберем экөөбүз калдык. Үйдө сүт тартып отурсам эле жер титиреп калды. Неберемди уктап жаткан жеринен бутунан сүйрөп алып чуркап чыктым. Жер титирөө токтогон соң үйгө кирсем, дубалдардын бурчтары түшкөн, жердин баары сүт. Аны көрүп ыйлагым келди. Абысындарым ишти бат эле колго алып, келин келгенче кайра тазалап коюшкан.

Эң кенже келиним Тамараны алганда мен тажрыйбалуу кайын эне болуп калгам (күлүп). Бишкектен балам экөө сүйлөшүп жүрүшкөн экен. Кудайга шүгүр келиндеримдин баары үй-бүлөлөрү менен бактылуу жашап жатышат», - деди ал.

Шайбүбү апа буга катар эле 3 кызынын улуусу менен кенжеси кошуна айылдарга келин болгондугун кошумчалады.

«Ортончу кызым Назгүл Жалал-Абадга келин болуп барды. Атасы экөөбүз тең башында айтканда «алыс жакта кыйналасың» деп абдан каршы болгонбуз. Ал кезде Фрунзеде окучу эле. Кийин күйөө балам тараптан да абдан каршылык болгонун уктум. Бирок ал дагы болбой кызыма баш кошуптур. Ал жактан кудаларыбыз алдыбызга келишти. Биз кайра учак менен сүйлөшүп, сеп жүктөп учканбыз. Андан бери 31 жыл өтүптүр. Күйөө балдарымдан сый гана көрүп келем. Аларга ыраазымын.

Жолдошумдун каза болгонуна 6 жылдын жүзү болду. Экөөбүз жашоонун ысык-суугун, балдарыбыздын бактылуу күндөрүн чогуу көрдүк. Эми минтип неберелерибизди, чөбөрөлөрүбүздү өз ордуна берип, жээн небере келиндердин колунан чай ичип жатабыз. Ар бир ата-эненин балдары аман болсун. Кыргыздын саны өсүп, бактылуу үй-бүлөлөр көп болсун», - деди ал.

Шайбүбү апа жалпы 4 уул, 3 кыз, 30 небере, 20 чөбөрөнүн апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×