Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Талас

Мекендештер: Бакай-аталык С.Дилдебекова Кытайда билим алууда (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Ынтымак айылынын 18 жаштагы тургуну Салия Дилдебекова учурда Кытайдын Цзыбо шаарында билим алууда. Алыстагы студенттен аймактык кабарчы кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Кытайда университетке тапшыруу үчүн азыр даярдык курсунан өтүп жатат.

«Э.Капалов атындагы орто мектепти аяктап, атайын Кытайда билим алууга сынак тапшырып, өтүп кеттим. Мурда эле Кытайда окуганга кызыкчумун. Ата-энем дагы колдоо көрсөтүштү. Учурда бул жерде 1 жылдык даярдык курсун окуп жатам. Даярдык бүткөндөн кийин косметолог багыты боюнча окуумду улантам. Анткени Кыргызстандын косметологдорунун көпчүлүгү Кытайдан окуп бүтүшкөн. Ошондуктан мен дагы өз кесибимдин мыкты адиси болууну чечип, Кытайга окуганы келдим. Бул жерде чет жактан келгендерди өзгөчө сыйлашат.

Кытайда ар кандай майрамдар өткөрүлүп турат. Чет өлкөдөн келген студенттер өз өлкөсүнүн өнөрлөрү менен тааныштырышат. Биз дагы кыргыздын улуттук бийи болгон «Жалын бийин» бийлеп бердик. Биздин бийибиз кытай элине аябай жагып, ошол учурдан бери ар бир концерттерде бийлеп жатабыз», - деди ал.

Салия буга катар эле Кытайга көнүү бир топ оор болгондугун кошумчалады.

«Кытайга көнүү аябай эле кыйын болду. Ата-энем, жакын адамдарым, досторумдан алыстадым. Бирок акыры бул жакка да көнүп кеттим. Азыр бул жакка келгениме эч өкүнбөйм. Чет жакка чыгып окугандын пайдасы бар. Дүйнөгө, туулган жерге болгон көз карашың дагы өзгөрүлөт. Ата-энеңдин, эл-жериңдин баркын билесиң», - деди ал.

Салия Дилдебекова үй-бүлөдө 4 бир-туугандын экинчиси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1162
×