Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Талас

Жеңеке: Бакай-аталык Мадина жеңе 18 жашка чыкканда жолдошу упчу белек кылган (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы 21 жаштагы Абишева Мадина жеңеге жолдошу кыз-жигит болуп жүрүшкөн учурда упчу белек кылган. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 25 жаштагы күйөөсү Мелисбек уулу Жылдызбек менен жеңелери аркылуу таанышып, 2014-жылы 26-октябрда баш кошушкан. Жолдошу укук коргоо тармагында иштейт.

«Жолдошум менин жашоодогу тирегим. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн кезде эле мен эмнени кааласам баардыгын алып берчү. Таласка концерт келсе билет алып коюп, «мага барып келели» деп чалчу. Жөн эле жолуксак дагы шоколад ала келчү. Башкалар 1-2 шоколад көтөрүп келишсе, жолдошум бир нечени алып келчү. Баарынан эсте калганы — 18 жашка чыкканда мага гүл менен упчу алып келип, «жаным ушуну менен сенин балалыгың бүттү» деп берген.

Жаңы келин болуп келгенде кайын энем: «азыр кайын эжеңдер келет, үйдү ирээттеп кой, карап сынашат» десе мен «ошондо келининин жүзү кандай экен деп келишет да ээ?» деп сурап күлдүргөм. Учурда өзүмдү бактылуу жубай, бактылуу энемин деп эсептейм», - деди ал.

Мадина жеңе учурда 2 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 735
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×