Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Талас

Жубайлар: Курманжан датканын урпагы Р.Суранчиева 35 жыл мурда Бакай-Атага келин болгон (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылындагы 55 жаштагы Суранчиева Рахия апа жаңы келин болгондо нан жасап жатып, колдорун көп жолу күйгүзгөн. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 57 жаштагы жолдошу Кенжаалы Суранчиев экөөнүн баш кошконуна 35 жыл болду.

«Мен Алайдын кызымын, Курманжан датканын урпактарынан болом. Өзүм 11 бир тууганмын. Таласка келин болуп келгениме 35 жыл болду. Жолдошум экөөбүз кинотеатрдан жанаша отуруп калып, ал менден убакытты сурап калып таанышканбыз. Мен ал учурда маданият үйүндө катчы болуп иштечүмүн. Жолдошум куруучу болуп иштеп жатыптыр. 1 жылдай сүйлөшүп баш коштук.

Келин болуп келген соң башымдан кыйынчылыктар да өттү. Алай менен Таластын каада-салттары, сүйлөгөн тилибиз да бири-биринен айырмаланып турат. Биз нанды тандырга кылчубуз. Бул жактан казан көмөчкө жасайт экен. Нан бышырам деп колдорумду көп жолу күйгүзгөм.

Мен үйгө алтынчы, эң кичүү келин болуп келдим. Төркүнүмө жыл сайын барып турам. Жолдошум экөөбүз 4 кыз, 1 уулду тарбиялап чоңойттук. 10 неберелүү болдук», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1665
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×