Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Талас

Бакай-Атада айдоочуларды тоноого шектелген 8 жигит кармалды

Turmush -  13-январда Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы ээн талаада жүк ташуучу чоң унаалардын айдоочуларын тоноого шектелген 8 жигит кармалды. Бул тууралуу жабыр тарткан айдоочулардын биринин иниси билдирди.

Маалыматка караганда, жабыр тарткан айдоочулардын бири Ноокат районунун 38 жаштагы тургуну болгон. 8 бала «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү 2 унаа менен жетип барып, «Вольво» үлгүсүндөгү 2 унааны токтотуп тоношкон.

«Агамдын унаасында өзү жана жардамчысы болгон. Ал Ноокаттан Казакстанга алма ташып бара жаткан. 13-январда таңкы саат 3:30 чамасында ээн талаадан 9 бала тоногон экен. Окуя тууралуу мага агам саат 3:50 чамасында телефон чалып айтты. Окуя Боо-Терек айылында (Бакай-Ата менен Кара-Буура райондору чектешкен аймак) болуптур. 2 жеңил унаа келип, бири артынан, экинчиси алдынан тороп токтотушуптур. Тонолгон сумманы өздөрү да тактай элек. Уурулар биринин жаак сөөгүн сындырышкан, биринин чекесине тапанча такаган экен. Азыр агамдар Жамбылда. Бакай-Ата райондук ооруканадан экспертиза жүргөн», - деди ал.

Ал эми Талас ОИИБдин маалыматына караганда, бул факты боюнча Бакай-Ата РИИБ тарабынан тоноочулук беренеси менен кылмыш иш козголду. Анын алкагында кылмышка шектелип 8 адам кармалды. Алардын баары Бакай-Ата районунун тургундары. Жабырланган 2 адам Ош облусунун Ноокат районунун тургундары экендиги такталды. Бирөө арыз менен кайрылган. Алар Казакстанга алма жүктөп кетип бара жатышкан. Аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1601
Көп окулду
×