Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Талас

Таласта өрдөк, кыргоол, көгүчкөн аткан аңчылар кармалды (фото)

Turmush -  Талас облусунда өткөн рейд учурунда мыйзамсыз аңчылык кылган адамдар кармалды. Бул тууралуу Жаратылышты коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу департаментинин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Мухамедали Нарбеков билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын башынан бери аңчылардан сайлуу жана сайсыз 4 мылтык алынып, айып-доолор коюлду.

«20-январда Бакай-Ата районунун Ташты өзөнүнөн жана Талас районундагы Төлөбайдын сазы деген көлмөдөн аңчылардан 7 мылтык, атылган 1 өрдөк, 2 кыргоол, 1 көгүчкөн менен алынды. Түнкү саат 23:00 чамасында мыйзамсыз аңчылардын ишине бөгөт койдук. Жаныбарлардын түрлөрүн атууга каршы күрөшүү максатында ыкчам топторду түзүп, рейд жүргүзүп жатабыз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1552
Көп окулду
×