Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Талас

Фото — Таласта 600 жыл мурун чыккан китеп музейге берилди

Turmush -  Бакай-Ата районунун Беш-Булак айылындагы 85 жаштагы Ниязбеков Ооган ата «Манас-Ордодогу» Археологиялык-этнографиялык музейге 600 жыл мурун басылып чыгарылган китепти берди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Анын айтымында, бул китеп илгерки диний аалымдардан колдон-колго өтүп келе жатат. Анда пайгамбардын хадистери жазылган. Ушундай эле башка китептер ага тааныштарынан өткөн. Аксакалды билгендер ата-бабаларынан калган китептерин ага берип келишкен.

Музейге берилген эски китептердин арасында Ибн Синанын өмүр баяны, ишмерлиги тууралуу арабча жазылган эски китеп бар. Бул китеп аксакалга 1960-жылы эскилиги жеткен абалда тийген. Китептин ар бир барагын иреттеп, сырткы мукабасын Жамбыл облусундагы дунган, татар аксакалдарга кайра жаңырткан.

«Атамдын аталары Совет доорунун башында кулакка тартылып, атылгандан кийин 20 жашында өзүнөн кичүү аталаш бир туугандарын алып түштүккө, андан ары Наманганга ооп кеткен. Маңдай тер, мээнети менен оокат кылып, өзбек туугандарга баткан. Мен төрөлгөндө «кыргыздардан ооп келгенсиңер» деп жергиликтүү эл Ооган деген ысымды сунушташкан экен. Осмон, араб, латын тамгаларын таанып, китеп окуп келе жатам», - деди Ооган ата.

Аксакал 11 баланын, 70тей небере-чөбөрөнүн атасы.

Жергиликтүү тарыхчылардын баамында, бул китепке бери дегенде 2 кылымдын жүзү болушу мүмкүн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1467
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×