Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Талас

Жаш талант: Бакай-аталык Н.Шаботоева Түркияга барып, клипке тартылып келди (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун 18 жаштагы тургуну Нагима Шаботоева Түркияга барып клипке тартылып келди. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин туризм факультетинде 1-курстун студенти. 11-классында «Мисс Талас 2015» сынагына катышкан.

«Түрк тилин үйрөнүп баштагандан кийин Түркияга баргым келип жүрчү. Курбу кыздарым менен жайкы эс алууну бош өткөрбөстөн 4 айга атайын ишкана менен келишим түзүп бардык. Ал жакта иштеп жүргөн убакта күтүүсүздөн клипмейкер Бейпил Мамановдон сунуш түшүп, ырчы KG Элмураттын «Адашкан сүйүү» аттуу ырынын клибине тартылып калдым.

Өзүм шоу-бизнес тармагына абдан кызыгам. Ошондуктан мага сунуштаганда тез эле макул болдум. Клипке биринчи жолу тартылып жаткандыктан камерадан бир аз сүрдөп, айланадагы адамдардан бир аз уялдым. Буга чейин дагы бир клипке тартылуу үчүн кастингден өтүп, бирок ыры жакпай калып, тартылуудан баш тартууга туура келген. Келечекте көп өлкөлөрдү кыдыргым келет», - деди ал.

Нагима үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2556
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×