Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Талас

Айыл турмушу: Бакай-аталык мугалим Ф.Суранчиева окуучулары менен индия бийин бийледи (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы 30 жаштагы мугалим Фарида Суранчиева окуучулары менен балаты майрамында индия бийин бийледи. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, башталгыч класстын мугалими болуп иштеп жатканына 2 жыл болду.

«2-б класстын класс жетекчисимин. Жалпы 27 окуучум бар. Бий үчүн формаларыбызды курдашым даярдап берди. Майрамда окуучу кыздарым менен бий тобун түзүп, индия бийин бийлеп чыктык. Ата-энелер, мугалимдер жакшы ойлорун айтышты», - деди ал.

Мугалим буга катар эле ишиндеги күлкүлүү окуяны айтып берди.

«Бир жолу күндөгүдөй эле окуучуларга баа коюп жатсам Мираида деген окуучу кызым ыйламсырап, «эже, мага 4 эмес, 5 коюп беринизчи, азыр сиз 5 койбосоңуз мен эртең атамдан 5 сом албай калам» деп күлдүргөн. Кичинекей кыздын шагын сындырбайын деп 5 коюп бергем. Тилектери таза кичинекей окуучулар менен иштегениме сыймыктанам. Келечекте мен таалим-тарбия берген окуучуларым кыргыз элимдин керегине жараган мыкты, чыгаан инсандардан болушун каалайм», - деди ал.

Мугалим айым жолдошу экөө 3 уул, 1 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 727
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×