Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 25.01.2018 15:11 Жаңыланды: 29.08.2018 12:40

Айыл турмушу: Бакай-аталык А.Акимова шурулардан 7 миң сомдук гүлдөрдү жасап сатат (фото)

Turmush -  Бакай-Ата айылынын 22 жаштагы тургуну Алтынай Акимова шурулардан (бисер) гүл жасап сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2 жылдан бери буйрутмаларды алат.

«Гүл жасаганга кызыкчумун. Аларды жасоону 2 жыл мурун интернет булактардан көрүп үйрөнгөм. Кызыгуу болсо бат эле өздөштүрсө болот. Алгач жасаган гүлдөрүмдү жакындарыма белекке берип жүрдүм. Бара-бара майрамдарга, туулган күндөргө деп буйрутма бере башташты. Гүлдү жасоо майда жумуш. 1 күн кечке ушул иш менен алек болосуң. Мен гүлдүн өзүн эле токубастан, челектерге гипс менен отургузам. Шуруларды дүңүнөн алсам, челектерди 50 сомдон 350 сомго чейин алам. Гипстин 1 кг 20 сомдон. Жасаган гүлдөрүм 350 сомдон 7 миң сомго чейин бааланат. 7 миң сомдук гүлдөр 1 метр 25 см бийиктикте болот. Бул гүлдү жасоого толук 1 ай убакыт талап кылынат. Майда гүлдөрдү 2-3 күндүн ичинде даяр кылып коём.

Азыр атайлап жасабайм, буйрутма түшкөн убакта гана жасап берем. Көбүнчө Бишкек шаарынан буйрутма келип турат. Буйрутма көп болгон учурда эжекелерим жардам беришет. Кызыгып үйрөнөм дегендерге үйрөтүп турам», - деди ал.

Алтынай үй-бүлөдө 3 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×