Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 29.01.2018 12:03

Эл ичи — өнөр кенчи: Бакай-аталык З.Назаралиев сүрөт тартып, киного тартылып, ырчылык менен алектенүүдө (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын 29 жаштагы тургуну Замир Назаралиев ырчылык жана сүрөтчүлүк өнөрлөрүн такшалтууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бишкек шаарындагы Т.Садыков атындагы академиянын живопись бөлүмүн бүтүргөн.

«Ырчылыкка кичине кезимден эле кызыгам. Атам комузда, гитарада, аккордеондо ойноп, музыкант болчу. Атамдын агасы Үсөнаалы Назаралиев белгилүү комузчу болчу. Сахнада 2009-жылы ырдап баштагам. Бир нече сынактарга катышып, байгелүү орундарды алгам. Азыркы учурда сөзү, обону өзүмө таандык «Бото көз» деген чыгармам бар. Клиптерим азырынча жок, бирок ушул жылы тарттырып, репертуарымды толуктаганга аракет кылып жатам.

Мындан тышкары, актерлук кесип менен да алектенем. Буга чейин «Көргүм келет» деген жана «Жашоо мыйзамы» деген 2 кинодо роль жараткам. «Жашоо мыйзамы» тасмасында ичип кетип селсаяк болуп, бактын түбүндө жаткан адамдын ролун аткарып жаткам. Ошол учурда бир эже келип, «өзүң жаш бала экенсиң, эмнеге мынча ичесиң?» деп кейип, ордумдан тургузган. Режиссер келип, «эже биз кино тартып жатабыз» десе эмне кыларын билбей жаман болгон.

Чыгармачылыкта ар кандай кызыктуу, эсте каларлык окуяларга да болуп турат экен. Мындан 1 жыл мурун Алмата шаарындагы кыргыздар бизди чакырган. Мен фонограмма менен ырдап жаткам. Мас байке менин микрофонумду тартып жиберип, элге фонограмма экени билинип калып, уят болгом. Ошодон кийин мен өзүмө экинчи фонограмма менен ырдабайм деп сөз бергем. Азыр жалаң жандуу үн менен ырдап келем», - деди ал.

Замир мырза учурда бойдок, үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×