Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 30.01.2018 15:34

Айыл турмушу: Тамада Алмаз уулу Кутберди Таласта той алып баруу боюнча рекорд койгон (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын 28 жаштагы тургуну Алмаз уулу Кутберди тойлорду башкарып, тамада болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, журналисттик кесиптин ээси. Журналист болуп радиодо да иштеген. Учурда Талас райондук маданият бөлүмүндө иштеп жатат.

«20 жашымда тамадалыкка кызыгып, тамада болуп иштеп калдым. Башында башка тамадалардан үйрөнүп, көп жардам сурап жүрдүм. Кийин өзүм алып барып эле көнүп кеттим. Эң биринчи бешик той алып бардым. Ал жакта кыргыздар эле конок болуп, бирок кыргызча сүйлөбөгөндөр эле. Алар жалаң орусча сүйлөшүп, мен кыргызча алып баргам.

Тамадалар биринчи чыгып келе жатканда 1 айда 1 той болсо экен дейсиң. Убакыт өтүп, 1 жумада 1 той болсо деп, андан кийин күндө той болсо деп калат экенсиң. Сезон убагында көп эле тойлор болот. 2016-жылы мен Таластан рекорд койгом десем да болот. Бир күндө эртең мененки саат 10:00дөн 12:00гө чейин кыз узатууну алып барып, андан соң 12:00дөн 17:00гө чейин 60 жаш тойду алып барып, кечинде кайра эле үйлөнүү тойду алып барганга жетиштим. Таластагы тойлорду алып барууга 100 доллар акы алам. Ош, Бишкек, Ысык-Көл тараптарга 200 доллардан өйдө болот. Мен музыкантым менен бирге барабыз. Сезон учуру август айынан баштап декабрь айына чейин болот. Декабрь айынын орто ченинде корпоративдер башталат. Сезон учурундагы 3 айда тойлор 100дөн ашат.

Бир жолу эгиз балдардын тоюн алып барып жатканбыз. Биз 2 тамада болуп алып барып жаттык эле. Тортту алып чыккан соң жанымдагы тамада эгиздерди жубайлары менен торттун үстүндөгү шамдарды үйлөгөнгө чакырды. Мага айтып жатат экен деп мен туура эмес угуп алып, өзүм үйлөп салыптырмын. Бир маалда баары мени таң калып карап турушуптур. Андан кийин баары мени карап, «сен үйлөнүп жатасыңбы?» деп абдан күлүшкөн (күлүп). Той ээлеринин аттарын туура эмес айтып алган учурлар да көп болот», - деди ал.

Каарманыбыз жубайы Касиет Абыкеева экөө 1 уул, 1 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×