Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Талас

Бала тили — бал: Балдарым атасына окшош болот го, - 5 жаштагы Нуркыз (фото)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой-жүгүртүүлөрүнө көп маани бербей калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз — ата-энеси менен Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында жашаган 5 жаштагы Нуркыз Тулеканова.

- Нуркыз, чоңойгондо ким болосуң?

- Балдарды ыйлатып укол сайып, уколчу болом.

- Үйдөн кимди жакшы көрөсүң?

- Ырыскелди акемди.

- Сулуу балдар кандай болот?

- Нурлан Насип ырчыдай.

- Ал ырчы сага жагабы?

- Ооба.

- Анын эмнеси жагат?

- Жакшынакайы жагат.

- Сенин күйөөң барбы?

- Ооба бар. Ал ар кимдин коюн багып жүрөт. Бир эле коюбуз бар болчу, азыр көбөйүп калган.

- Канча койго көбөйдү?

- 6 койго көбөйүп калган.

- Күйөө деген эмне?

- Күйөө деген киши ал.

- Кийин чоңойгондо канча балалуу болосуң?

- Азыр менин балам бар. Аты Алихан, 1 жашта (колундагы куурчагын көрсөтүп). 3 кыз, 3 балалуу болом. 3 кыз мага окшош болот, 3 бала атасына окшош болот го. Менчи күйөөмө жолукканда акырын басып, эшикти жабып, анан чуркап барып жолугам да.

- Кандай тамакты жакшы көрөсүң?

- Манты.

- Сен апаңа жардам бересиңби?

- Апам камыр жаят, мен манты түйөм.

Нуркыз үй-бүлөдө 5 бир туугандын кенжеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1410
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×