Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Талас

Жаш талант: Бакай-аталык 17 жаштагы Айдана таяк тартыш боюнча ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылынын 17 жаштагы тургуну Айдана Канымканова таяк тартыш боюнча ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы спортчу кыз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, таяк тартыш менен 2 жылдан бери машыгып, 65 кг салмакта мелдештерге катышып келет. Учурда айылындагы К.Арстаналиев атындагы орто мектепте 11-класста окуйт.

«5-классымдан баштап волейбол менен машыгып келгем. Таяк тартыш менен машыкканыма 2 жыл болуп калды. Спорттун бул түрү менен машыгуума Акназар агайым түрткү болду. Ал агайым Маданият айылындагы мектепте дене тарбия мугалими болуп иштейт. Агай бизди волейбол боюнча мелдешке алып барган. Ошол убакта «Дени сак улут» оюнунда таяк тартыш боюнча тандоо жүрүп жатыптыр. Биз таяк тартыш оюндары жөнүндө түшүнүк жок эле барып утуп келгенбиз. Ошондон бери таяк тартыш менен машыгып калдым. Таяк тартыш боюнча Таласта өткөн мелдештерде жана Көчмөндөр оюндарында 1-орунду ээледим. Ысык-Көлдө, Бишкек шаарында өткөн оюндарда окуучулар арасында байгелүү орундарга илиндим.

Келечекте спорт менин хоббим болуп калат десем болот. Мектепти жакшы бүтүрүп, дарыгер болгум келет», - деди ал.

Спортчу кыз үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 736
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×