Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 03.02.2018 14:20 На русском

Бакай-Атанын Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчылыгына ат салышкан талапкерлер бирдей добуш алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, айыл өкмөт башчысы болууга Осмон Жаманкараев менен Аскат Токторалиев талапкер болгон. Шайлоого айылдык кеңештин 11 депутаты толугу менен катышып, талапкерлерге беш-бештен добуш берилип, 1 бюллетень жараксыз деп табылган. Мыйзамга ылайык шайлоо кайрадан өткөрүлөт.

Айыл өкмөттүн буга чейинки башчысы Бекмурат Темирбеков өзүнүн арызы менен ээлеген кызматынан бошотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×