Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Талас

Бакай-Атада жазгы сугат иштерине даярдыктар башталды

Turmush -  Бакай-Ата районунда жазгы сугат иштерине даярдыктар башталды. Бул тууралуу Талас облусунун жетекчисинин орун басары Чолпон Төрөкулов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин облус жетекчилиги Бакай-Ата районунун Оро, Боо-Терек, Миң-Булак айыл аймактарында сугат маселелери менен жеринен таанышып келди. Оро айылы менен Боо-Терек айылында жайгашкан сугат суу топтоочу жайлар 15-февралга чейин оңдолуп, сугат иштерине даяр болот.

Экинчиден 70 кмге созулган «Чоң Талас» каналынын жээгиндеги жол тегизделет. Ал каналдан сугат суу өткөндүктөн Бакай-Ата районунун 70%, Кара-Буура районунун 8 айылы суу алат. Жердин тоңу кеткенден баштап бул аймакта 70 км жер түздөлүп колдонууга берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 439
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×