Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Талас

Миң-Булак айылына Талас дарыясы коркунуч жаратууда

Turmush -  Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынан өткөн Талас дарыясы айыл тургундарына коркунуч жаратууда. Бул тууралуу Талас облусунун жетекчисинин орун басары Чолпон Төрөкулов билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча айыл тургундары кайрылган. Дарыянын нугу көтөрүлүп, жээги кеңейип, эл жашаган аймакка ооп баштаган. 2016-жылы 150-200 куб суу келип, катуу сел жүргөндө ушундай абал жаралган болчу.

«Облус техника жактан жардам берсе 20 күндүн ичинде сууну эски нугуна буруп, өзгөчө кырдаалды алдын алабыз деп турабыз», - деди Төрөкулов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1208
×