Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Талас

Жубайлар: Бокон ата Кенже апаны мугалими менен кошо алып келип баш кошкон (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылындагы 90 жаштагы Дербишалиев Бокон ата 84 жаштагы Дербишалиева Кенже апаны мугалими менен кошо алып келип баш кошкон. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Өздөрүнүн айтымында, алардын баш кошконуна 64 жылдын жүзү болду. Жубайлар 6 кыз, 3 уулду өстүрүшкөн.

Кенже апа: Мен өзүм Боо-Терек айылында туулгам. 16 жашымда Миң-Булак айылына келин болуп келгем. 6-класска чейин эле билим алдым. Баш кошкондо жолдошум өзүмдү окуткан мугалим агайым менен бирге атка учкаштырып алып келген. Үй-бүлө мүчөлөрү көп эле. Күндө 2 чарадан нан жасап, 2 челектен жарма жасачумун. Жасаган нандан бир сындырым, жарманын жугу да калбай, өзүм ачка калып калчумун. Ачкалыктан ыйлаган күндөр да болгон. Ошондогу жашоо азыркыга салыштырмалуу оор болчу. Бирок бизде ыйман күчтүү болгон экен. Ошондо акча калдым деп кетип калуу деген оюмда да жок болгон (күлүп). Кийин буудайдан машак терип, келиндер менен аскерге жардам деп жиберип жүрдүк. Андан кийин тамекиде иштедим. Саанчы болуп иштеп жүрүп пенсияга чыккам. Жолдошум Бокон жаш кезинен бери эле улак ойноп келди.

Бокон ата: Байбичем экөөбүз неберелеримдин, балдар-кыздарымдын маңдайында бактылуубуз.

Жубайым экөөбүздүн сүйүүбүз күчтүү болгон экен, кыйындыкты бирге жеңип, бири-бирибизди колдоп, бар-жокту бирге көтөрүп жашадык. Бирибизге-бирибиз эриш-аркак жашап, 9 балалуу болдук. Азыркы учурда кичүү уулум Жарашбек менен келиним Гүлзаттын колундабыз. Балдар-кыздарым турмуштан өз ордуларын табышты. Азыр кандай гана жакшы заманда жашап жатабыз. Мунусуна да тобо кылып отурабыз.

Бокон ата менен Кенже апа 6 кыз, 3 улдуу жана 83 небере-чөбөрөлүү болушкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1154
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×