Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 05.02.2018 16:26

Айыл турмушу: Бакай-аталык А.Дербишалиева жылына 1000ге жакын адамдын ден соолугун дарылайт (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун 56 жаштагы тургуну Анара Дербишалиева 36 жылдан бери райондук оорукананын хирургия бөлүмүндө мээрман айым болуп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы менен менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Миң-Булак айылында чоңойгон. 1981-жылы Талас медициналык колледжин аяктаган.

«Ошол эле жылы райондук оорукананын хирургия бөлүмүндө медайым болуп жумушка орноштум. 1983-жылы турмушка чыктым. Бир кызым менин жолумду жолдоп медицина тармагында иштеп келет. 2002-жылы жакшы жыйынтык көрсөткөндүгүм үчүн «Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси менен сыйландым. Жумушум канчалык оор болсо дагы айыгып, ыраазычылыгын билдирип кеткен адамдарды көрүп ичип жылып калат. 1 жылда орточо эсеп менен 1 миңге жакын адамдарды дарылайм. Кесиптештер арасында ынтымагыбыз күч. Ар кандай иш-чаралардан алдыңкы орундарды ээлеп келебиз.

Мындан тышкары кесиптештер болуп волейболго катышам. 3 жылдан бери мекемелер арасында өткөн мелдештерде алдыңкы орунду ээлеп, командабыз менен ийгилик жаратып келебиз», - деди ал.

Мээрман айым 3 кыз, 1 уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×