Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Талас

Айыл турмушу: Бакай-аталык чабан А.Бокубаев айына 30 миң сомдон киреше табууда (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынын 45 жаштагы тургуну Анарбек Бокубаев жайлоодо элдин малын багып, айына 30 миң сомдон киреше табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жаш кезинен бери мал багып чоңойгон.

«Илгери ата-бабаларыбыз мал менен жан багып келген эмеспи. Чоң аталарым чабан болгон экен. Өзүм малга кызыккандыктан 10 жылдан бери элдин малын кайтарып келе жатам. Башында өзүмдүн жандыктарымды жайлоого алып чыкчумун. Кийин биротоло айыл тургундарынын малын алып багууну туура көрдүм. 10 жылдан бери эл мага ишенип, малын кайтартып келет. Элдин малын кайтаруу оор жумуш. Жаз алды менен ар бир баш малга 50 сомдон алып, тоого чыгып кетем. Жылына 6 ай бою мал карайм. Айына 30 миң сом акымды алып турам. Малынын акчасын бере электери да бар (күлүп). Күндүн ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, жаанга карабай кайтарып жатканым үчүн деп айыл тургундарынын, айыл башчынын чечими менен «Жылдын эң мыкты малчысы» наамы менен сыйландым. Эл менин мээнетимди баалап жатат», - деди ал.

Малчы жубайы экөө 6 баланы тарбиялап жатышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1711
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×