Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Талас

Жаш талант: 17 жаштагы Абдырасул грек-рим күрөшү боюнча чеберчилигин арттырууда (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынын 17 жаштагы тургуну Токтобек уулу Абдырасул грек-рим күрөшү менен машыгып ийгилик жаратып келет. Аймактык кабарчы балбан жигит менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, күрөшкө катышуусуна агасы Бакыт түрткү берген.

«5-классымдан бери грек-рим күрөшү менен машыгып келем. Үйдөн улуу агам Бакыт күрөшкө катышып, мелдештерде алдыңкы орундарга ээ болуп келчү. Агам залга ээрчитип барып жүрүп күрөшкө катыштырган. Залдан келгенден кийин агам менен күрөшчүмүн. Кийин ийгиликтерди жарата баштадым.

Алгачкы жолу мектеп арасындагы мелдешке чыгып, алдыңкы орунду ээледим. Кийин ар кайсы мелдештерге барып, байгелүү орундарды ээлеп жүрдүм. Күрөштөн жеңил жаракат алган учурлар болот. «Жаракат алдым, кыйын экен» деп күрөштү таштап салууга болбойт. Азыркы күндө 60 кг салмак менен күрөшүп келем. Бир жумада 3 күн кечки 18:00дөн 21:00гө чейин айыл ичиндеги залга барып машыгып келем. Ар бир ийгилигим менен ата-энем, бир туугандарым, машыктыруучу агайым сыймыктанат. Келечекте спорттун чебери болом деген ниетим чоң», - деди ал.

Абдырасул үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1149
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×