Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Талас

Айыл турмушу: Түйтө айылындагы мал чарбада АКШдан алынып келген 1,5 тонналык букалар багылууда (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Түйтө айылындагы «Нур» асыл тукум мал чарбасында Америкадан алынып келген абердин-ангусс тукумундагы 1,5 тонналык букалар, 900 кг уйлар багылат. Бул тууралуу чарбанын жетекчиси Карыпбай Көчөралиев билдирди.

Анын айтымында, ферма алгач дыйкан чарба катары түптөлгөн. 2014-жылы «Нур» асыл тукум чарбасы болуп өзгөргөн.

«Ошол жылы Америкадан абердин-ангусс тукумундагы 8 айлык 20 баш ургаачы торпок, 1 жаштагы эркек торпок алынып келинген. 3 жылда 60 баш торпок болду. Учурда фермада ар кайсы тукумдагы 150дөн ашык уй бар. Эркек торпоктор сатылып, ургаачыларын алып калабыз. Уйлардын орточо салмактары 600-700 кг. Эң чоң бука 1,5 тонна, эң чоң уй 800-900 кг чыгат. Бүгүнкү күндө малды 3 үй-бүлө багат. Бул уйлар сүт багытында эмес, эт багытында болушат. 1 уй күнүнө 3 кг жем, 12 кг чөп жейт. Кышында 1 жолу суу ичсе, жайында 2 жолу сугарылат.

Торпоктор 100 миң сомдон ашык акчага сатылып кетет. Көбүнчө алыскы облустардан келип алып кетишет. Келечекте асыл тукум малды көбөйтүп, санын 400 башка жеткиргибиз келет», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2291
Көп окулду
×