Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Талас

Ч.Төрөкулов кызматынан бошотулуп, Бакай-Ата районунун акими болуп дайындалды

Turmush -  Талас облусунда биринчи жолу жетекчилердин ротациялык орун алмашуусу болду. Бул тууралуу бүгүн, 12-февраль күнү облустук коллегияда маалым болду.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Чолпон Төрөкулов менен Бакай-Ата районунун акими Канимет Осмонбековдун кызмат ордулары алмашты. Буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон. Түштөн кийин Чолпон Төрөкуловду Бакай-Ата районуна акимдик кызматка отургузушту.

Чолпон Төрөкуловдун резюмеси:

- Туулган жылы — 1960-жыл 22-ноябрь

- Туулган жери – Кара-Буура районунун Бакыян айылы

- Билген тилдери – кыргыз, орус

Билими:

- 1995-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институту, кесиби зооинженер

Эмгек жолу:

- 1979-1981-жылдары Советтик армияда кызмат өтөгөн

- 1983-1987-жылдары «Бейшеке» колхозунда каттагыч

- 1987-1990-жылдары «Бейшеке» колхозунда селекционер-зоотехник

- 1990-1992-жылдары «Бейшеке» колхозунда кой чарбанын жетекчиси

- 1992-1994-жылдары «Бейшеке» колхозунда башкы зоотехник

- 1994-2000-жылдары «Крестянское» чарбасынын жетекчиси

- 2000-2008-жылдары Кара-Буура райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин жетекчиси

- 2008-2012-жылдары Кара-Буура райондук кеңешинин 5-чакырылышынын төрагасы

- 2012-2013-жылдары Бакыян айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы

- 2013-2016-жылдары Кара-Буура районунун акими

- 2016-2018-жылдары Талас облусунун жетекчисинин 1-орун басары

Класстык даражасы:

- Муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси

Окуя тууралуу:

Буга чейин өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп Канимет Осмонбеков дайындалгандыгы белгилүү болгон. Аталган кызматты андан мурда Чолпон Төрөкулов ээлеп келген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 464
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×