Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 20.08.2019 15:56

«Картайып деле калдыңыз, төрөбөй эле коюңузчу»: 38 жаштагы Индира айым 4 кыз, 3 уулдун апасы. Сүрөт

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын 38 жаштагы тургуну Индира Байтикова 4 кыз жана 3 уулдун апасы. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Кара-Суу айылында төрөлгөн. Өзгөрүш айылына 1998-жылы келин болуп келген.

«Жолдошум менен айылдагы жакын адамдарым тааныштырышкан. Азыр 7 баланын ата-энеси болуп калдык. Бала бакытына балкуу менен оорчулугу дагы болбой койгон жок. Жакшы учурлар менен анча-мынча оорчулукту унуткарып коюуга болот экен. Балдар жакшы окуп, аркасынан жакшы сөз укканда дагы өзүнчө көкөлөп калам. Мени билбегендер же сырттан гана тааныгандар 7 балалуу экенимди укканда «жаш көрүнөсүң, баатыр энедей көрүнбөйсүң» деп таң калышат. Анда дагы кубанып калам.

Кесибим бала багып, аларды буттан тургузуу деп эсептейм. Атайын дипломдуу болбосом дагы балдарыбыз үчүн деп күрөшүп жашап келем. Жолдошумдун дагы кесиби жок. Кесипке ээ болбосок дагы эл артында калбай, дыйканчылык менен алектенип, балдарыбыз эч нерседен кем болушпаса деп бардык муктаждыктарын камсыздап келебиз.

Ар биринин мүнөзү ар кандай. Бирок бири-бирине боор тартып турушат. Жолдошум ар бир бала төрөлгөндө кубанганын жашыра албай күтүүсүз белектерди жасачу. Өзгөчө 1-2-кыздарыбыз төрөлгөндө сүйүнгөнбүз. Кийинкилери дени сак, ыйманы менен төрөлсө деп тиленип жүрдүк. Улуу кызым студент, медициналык окуу жайдын фармацевтика жагында 3-курста билим алып жатат. Кийинки кызым мектепти бүттү. Бирок жогорку окуу жайга бара элекпиз. Улуусу бүтүп, бирден окутпасак...

Кичинекейиңде самаганың аткарылат деген туура экен. Кичинекейимде көп балалуу болсом деп калчумун. Кыялым орундалып, баатыр эне болуп отурам. Улуулары кыздар болгондуктан кийинкилерин багууда жеңилирээк болду. Айттырбай көзгө илинбеген, бирок колду кармаган жумуштарды жасап коюшат. Балдардын көбү жакшы экен. Жумуш бат бүтөт, бирок жыйналып турган бөлмө бат чачылат (күлүп). Балдарымдын окшоштук жактары өң-келбеттен эле болбостон башка жактардан дагы бар. Мисалы, баары жаз айында төрөлүшкөн. Аттарын кайын атам молдо киши болгондуктан Куран китептен алып ыйгарган. Кыздарымдын аттары жалаң С тамгадан башталат. Көпчүлүк учурда бирөөсүнүн атын айтам деп, улуусунан кичүүсүнө чейин атап чыгам. Сабинаны көрө калып, Салия десем «мен Салия эмесмин» деп тултуңдап калышат. Мен «эмнеси болсо дагы С тамгасы оозумдан чыкканда дароо бирөөң келе бергиле» деп күлүп калам. Кээде аттарын адаштырып таппай калам.

Менин апам 7 бала төрөгөн экен. Анын ичинен 2 кыз жана 1 уулу барбыз. Мен улуусумун. Жолдошум 6 бир туугандын кичүүсү (5 кыз жана 1 уул). Жолдошум «жалгыз болбой, артымда туягым бар» деп сүйүнөт. Балдарыбыздын асты бардык жумушка кол кабыш кылып калышты. Биринин кийимин бири кийип чоңоюшту. Азыр дагы үйдөн сеники-меники дебестен кийишет. Бирок мектепке биринин кийимин бири кийишпейт. Окуучулар «Эжеңдин кийими деп билип коюшат. Бири-бирибиздикин кийип алсак уят» дешет. Азыр заман дагы ушуга тарбиялап жатат окшойт. Бир балага караганда көп бала жакшы. Аз нерсе болсо дагы баарына жеткизсе болот. Мунун философиясы дагы чоң экен. Бала ач көз болбой, эмне болсо дагы бөлүшүп, өзүмчүл болбой марттыкка үйрөнөт.

Документ тапшырган жерлерге барганда балдарымдын төрөлгөн жылдарын ойлонуп таппай калып же адашып айтып, ал жактагы кызматкерлерди күлдүрчүмүн (күлүп). Туулган күндөрдү белгилеп турабыз. Кыздарым таттууларды жакшы көрүп жасагандыктан тортторду колго даярдайбыз. Элдин көзү түшпөсүн деп баарын чогуу ээрчитип жүрбөйбүз. Чогуу бара турган жер болсо «үчөөң астыга же үчөөң артка» деп бөлүнүп басабыз.

Ар бир күнүм кызыктуу. Себеби балдарым кылыктары менен күлдүрүшөт. Күнүм кайталангандай сезилет, бирок балдарым чоңоюп жатышат. Улуу кыздарым «Апа, өзүңүз деле картайып калдыңыз го, төрөбөй эле коюңузчу. Болду бакпайбыз» деп калышат. Мен өзүм деле кыздарым турмушка чыгып калса, алар менен тең жарышпайын деп ойлоном. Баары үчүн кудайга шүгүр дейм», - деди ал.

Индира айымдын уул-кыздары:

- Узенбекова Саара 2000-жылы төрөлгөн;

- Узенбекова Саида 2001-жылы төрөлгөн;

- Узенбекова Сабина 2004-жылы төрөлгөн;

- Узенбеков Байэл 2007-жылы төрөлгөн;

- Узенбекова Салия 2009-жылы төрөлгөн;

- Узенбеков Нурел 2015-жылы төрөлгөн;

- Узенбеков Даниел 2019-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

12.08.2019«Идиш сына берсин, мен бала төрөп берип жатпаймынбы»: 38 жаштагы Жылдызкан айым 5 уул, 2 кыздын апасы. Сүрөт
28.06.2019«Эми кыз төрөсөңүз албайм дагы, бакпайм дагы»: 7 кыздын апасы К.Алымбаева сегизинчи наристесин күтүп жатат. Сүрөт
20.06.2019Эркек төрөптүр деп таарынган кыз: 8 баланын апасы А.Эркалиева жолдошу экөөлөп үй куруп жатат. Сүрөт
20.05.20199 бала, 1 бөлмө үй, туугандардын балдарын да багуу: А.Камбарбекова коомдук унаага түшкөндө балдарын көргөндөр таң калышат. Сүрөт
11.06.2019«Ата, апамды эркек төрөтүп келиңизчи»: Трактористтин 44 жаштагы жубайы Зулфия айым 9 кыз, 2 уулдун апасы. Сүрөт
24.08.2019«Өзүм дагы жалгыз баламын, эркек төрөсөң экен»: 40 жаштагы Замира айым 7 кыздын апасы. Сүрөт
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×