Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 20.08.2019 18:37 На русском

Эгиздер: Сабина менен Нагима чачтарынан өйдө окшош кылып, тааныштарын тамашага салышат (сүрөт)

Turmush -  «Эгиздер» долбоорунун бул жолку каармандары Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылындагы 15 жаштагы Нагима менен Сабина Эгембердиева болмокчу. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Нагима: Экөөбүздүн тең атыбызды чоң атам койгон. Мени Чыңгыз Айтматовдун апасындай даанышман инсан болсун деген экен. Мен дагы ошону эске алып, өзүмдү жакшы алып жүрүп, коомго пайдам тийген инсан болсом деп умтулам. Айылдагы орто мектепте окудук. 5-класстан тарта чет тилдер багытындагы лицейде билим алып жатабыз. Мектептен физика, химия сабактарын жакшы көрүп окуйм. Келечекте балдар дарыгери болууну көздөп жүрөм.

Мен Сабинадан 5 мүнөткө улуумун. Чоңдук кылып турам. Сабактан жооп берерде кезек талашып калабыз. Ошондо «мен 5 мүнөткө улуумун» десем Сабина отуруп калат. Тамак ичерде дагы «5 мүнөткө улуумун» деп мен ооз тийип баштайм. «Мени эже деп айт» деп калам (күлүп).

Сабина: Менин атымды казак жазуучу айымдын атынан коюшуптур. Мен дагы атымды татыктуу алып жүрүүгө аракет кылам. Экөөбүз тең апама жакынбыз. Бирок кыял-жоруктарыбыз такыр башкача. Байкалгандай Нагима бышыгыраак, мен жоош болуп аны толуктап турам (күлүп). Мен келечекте хирург болсом деп жатам.

Биз экөөбүз күнүгө жакшы маанайда жүргөндү жакшы көрөбүз. Эгиз экенибизди колдонуп кээде жакындарды дагы күлдүрүп калабыз. Дискотека болсо ал жакка чачыбыздан бери окшоштуруп барып, көптөрдү адаштырып тамашага салып калабыз (күлүп). Бизди бир көргөндөр алмаштырышат. Кийинчерээк айырмабызды билип калышат.

Апасы Наргиля айым: Экөө кичинекейинде жолдо чогуу басышчу эмес. Жолдун эки жагында басышчу. Эми чоңоюп, өзүмчүл болбой бирге болуп калышты. Кичинекейинде окшош кийинтип койчумун. Азыр табиттери дагы башкача болуп, мага баш бербей, каалагандай кийинип алышат. Дээрлик окшош кийинишпей калды десем болот (күлүп) .

Сабина: Эгиздерге турмушка чыкпайбыз. Себеби Нагима мени ал жактан дагы улуулук кылып жумшап алат. Эгиз болгон мурда жакчу эмес. Себеби кичинекей кезибизде бир нерсе талашып, урушуп кетчүбүз. Чоңойгондо бири-бирибизди колдоп калдык. Улам чоңойгон сайын бири-бирибизге сырыбызды бөлүшүп жакын болуп калдык. Бир жакка барганда дайыма чогуу жүрөбүз, ага дагы көнүп алдык.

Апасы: Нагима кичинекейинде бышыктыгынан кошуналардын үйүнө кетип калчу. Ошол жактан ойногон жерине уктап калчу (күлүп). Далай издеттирди. Эгиздерди багуу оңой эмес. Бирок мага кайын энем жардамдашып, көп нерсе билинбей калды.

Булар кичинекейинде жылда буудай чабылып, эшиктин алдына төгүлчү. Нагима буудайлардын данынан кулагына, Сабина болсо мурдуна салып алып, чырылдап жаныма келип калышыптыр, Аны ала албай ооруканага алып баргам. Кудай сактаган... Кийин мындай окуялар бир нече жолу кайталангандыктан буудайды эшиктин алдына төкпөй, кампаларда сактап калганбыз (күлүп).

Нагима: Биз окшош кийинип жүргөн кезде кийимдерибизде белги жок болсо дагы өзүмдүкүн оңой эле таап алчумун. Апам кийимдерибизди салыштырып карап, «адашпай кантип таап аласың?» деп таң калчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×