Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 21.08.2019 10:01 На русском

Айыл турмушу: Бакай-аталык куруучу айым С.Бейшеналиева айылда тигүүчү болуп иштеп жатат (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын 50 жаштагы тургуну Сыйнат Бейшеналиева 28 жылдан бери айылда тигүүчү болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча куруучу.

«Кесибим куруучу. Бишкектен 3 жыл 10 айлык окууну бүтүргөм. Окуйт десе окуп алган экенмин (күлүп).

Тигүүчүлүк уруубузда бар. Апам тондон бери баарын тикчү. Канда болгон нерсе эртеби-кечпи кайталанат экен деп калдым. 28 жылдан бери чеберчилик кылып, айыл элинин буйрутмаларын аткарып келем. Бир четинен тыйын-тыпыр табам. Тигүүчүлүктүн атайлап деле окуусун бүтүргөн жокмун. Турмушка чыккандан кийин жүрөгүмө жакын иш менен алектенейин дедим. Айымдар түрлөп көйнөктөрдү кийгенди жактырат эмеспи. Башында жакын адамдар буйрутма берип тиктирип башташкан. Азыркы күндө айылдын бул башынан тиги жагына чейин кардарлар келишет. Ошого жараша мен дагы тигүүчү машинени бардык шаймандары менен толуктап алгам. Буйрутма бергендердин өлчөмдөрүн өлчөп, кийимдин фасондорун дептерге чиймелеп тартып алам. Антпесе буйрутма көп болуп адашып кетишим мүмкүн.

Айымдар үчүн атайлап кездеме сатып келип көйнөктөрдү тикчүмүн. Азыр кездемесин ар бир кардар өздөрү алып келишет. Себеби табит ар кимде ар кандай. Көйнөктөрдү 200-250 сомго тигип берем. Ким кандай фасонду айтса ошондой кылып тигип берем. Төшөнчү тигүүгө дагы буйрутма болот, бирок албайм. Себеби убактымдын баары кийим тигүүгө кетет. 300 сомго чейин кызмат акы алам. Айыл шарты баарыбызга белгилүү. Иштегендер айлык күтүшөт, иштебегендер андан көп. Бирок бардыгы кийим кийүүнү каалашат. Көңүл үчүн деп бекер деле тигип берем. Чыптама шырып, 1000 сомдон сатам. Бир кызым менин ишимди бир көрүп, кийимдерди бычып, тигип жүрөт», - деди ал.

Тигүүчү айым 4 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×