Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 21.08.2019 16:11

Айыл турмушу: Бакай-аталык Д.Сулайманова айылдаштарынын бардыгынын үй-бүлөлүк сырларын билет (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ынтымак айылынын 50 жаштагы тургуну Динара Сулайманова айылда социалдык кызматкер болуп эмгектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Атанын Үрмарал айылынын кызы. Кийин Ынтымак айылына келин болуп келген. Кесиби боюнча медайым.

«2004-жылдан баштап Шадыкан айыл өкмөтүндө салык кызматкери болуп иштедим. 2012-жылдан бери социалдык кызматкер болуп иштеп келе жатам. Менин жумушумду көптөр кыйын деп айтышат. Бирок өзүмө эл менен иштешүү, алардын көйгөйлөрүн чечишкен жагат. Айылда элдин саны көп болсо да бала бакчадагы балдарга чейин тааныйм. Айыл ичинде аялы менен күйөөсү, келини менен кайын энеси урушуп кеткен учурда экөөнү бетме-бет отургузуп алып, элдештирип анан кетем. Мага ыраазы болуп, азыркыга чейин кеңеш сурап кайрылган келиндер бар. Мен жардам бердим деп ичимден каниет кылам.

Бир аял Ош тараптан 1 кыз, 1 уул багып алган экен. 2 баласынын бир дагы документи жок. Кыздын атасын издеп таап, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жасаттык. Ал эми баланы бир адамдар аркылуу багып алгандыктан эч кимисин таба алган жокпуз. Канча жыл чуркап, чоң мээнет менен баланы документтүү кылганбыз.

Учурда айылыбызда аз камсыз, көп балалуу 2 үй-бүлөгө үй куруу иштери жүрүүдө. Айыл элине марафон уюштуруп, үйдүн пайдубалы тургузулду. Бул иштерди көрүп ыраазы болосуң. Соцадистин жумушу ушундай, бардык үй-бүлөнүн көйгөйүн билесиң. Керек болсо жаңы келген жаш келинде кандай маселе жаралып жатканын билесиң. Айылыбыздан кыз алабыз дегендер «бул үй-бүлө кандай?» деп сурашат.

Ушул эле жылы бир үй-бүлөнү уруштан куткарып калдым деп 2 күн сүйүндүм. Кеңсебизде насыяга деп үй тиричилигине колдонгон техникалар таратылып калды. Карасам мен тааныган эле жигит туруптур. Ал жаш аялмет, балдары кичинекей үй-бүлөдөн. Анан эмне алганы келгенин сурап калдым. Ал болсо «велосипед алам» деп жооп берди. Мен шыр эле: «Балам, накталай акчага албагандан кийин эмне кыласың? Муну алган соң 2-3 ай үйгө акча алып барбасаң аялың менен урушасың. Андан көрө күздө акча болгондо эле ал. Үйдө тынчтык болот» дедим. Ал «келинчегим сизге даттанып кеттиби?» деп такып сурап калды. «Жок, даттанган жок. Мен азыр эле билип жатам» дедим. Ал бала да менин айтканымды туура көрүп, велосипед алган жок. Ал жерде бирөөнүн буюмуна кийлигишкенге акым жок болчу. Бирок бир үй-бүлөнү уруштан сактап калдым деп сүйүндүм.

Башкалар эмес, өзүмдүн эле күйөөм Алик Сыйдалиев кээде «Сен ээнбаш аялсың. Бирөө күйөөсү менен урушканын, кайын энеси менен тил табышпаганын, бирөөнүн баласы мушташканын эмне кыласың? Анча-мынчаны көрбөй эле койбойсуңбу. Күнбү-түнбү чуркап кетесиң» деп таарынат. Чынында эле кээде үйдүн көйгөйлөрүн таштап коюп, элдин көйгөйлөрү менен кетип калам. Келгенде үйдө бул жумуш калган турбайбы деп эстеп, жолдошумдан көп тил угуп калам», - деди ал.

Динара айым 2 кыз, 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×