Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 22.08.2019 21:45

Айыл турмушу: Бакай-аталык С.Жунусов 15 жылдан бери устачылык өнөрдү аркалайт (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун 49 жаштагы тургуну Самаркул Жунусов 15 жылдан бери жыгач устачылык менен үй-бүлөсүн багат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Анын айтымында, бала кезинен эле устачылыкка кызыгат.

«Негизи тай жагымда уста адамдар көп. Бул өнөр мага ошолордон келген окшойт. Курулушка жакынмын. Атайын уста балдар менен чогулуп, там курабыз. Андан сырткары үйдөн жыгач устачылык менен алектенем. Уста катары айыл элине керектүү буюмдарды жасап берип жатканыма 15 жыл болуптур. Үй-бүлөмдү 15 жылдан бери устачылык өнөрүм менен багып жатам десем болот.

Көпчүлүк айыл тургундары мага бешик жана сандык жасатып кетишет. Аларды жаңгактан жана кара жыгачтан жасайм. Керектүү материалдарды 4 миң сомдун тегерегиндеги акчага сатып келем. Жасап баштаган буюм 1 жуманын ичинде даяр болот. Атайын базарга сатыкка чыгарбайм. Буйрутма менен гана иштейм. Кардарларым аз эмес, байма-бай буйрутма берип кетишет. Сандыкты жөнөкөй сандыктарга окшоштуруп жасабайм. Кыргыздын улуттук оюм-чийимдерин түшүрүп жасайм. Азыр элдин көпчүлүгү бир бөлмөнү атайын кыргыз бөлмө кылып кооздоп жатышпайбы. Ошондуктан сандыктын бетине оюм-чийим түшүрүп жасайм. Жасаган мээнетим 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин бааланат.

«Даңазалуу доор» тасмасынан атайын илинип терметиле турган бешикти көрүп калып жактыргам. Кенже кызым төрөлөргө жакын ошондой бешик жасадым. Келген элдер суктанып кетишет. Кызым азыркы кезге чейин ошол бешикте ойноп уктайт. Андан башка кыз-келиндерге керектүү болгон буюмдарды жасап берем. Айылда көбүнчө камыр тамак жасалат. Келиндер кыйналбасын деп столу менен камыр жайгыч жасап бердим. Колдонгонго ыңгайлуу экен деп көп буйрутма беришти», - деди ал.

Самаркул мырза 7 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×