Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 27.08.2019 10:15

Бакай-Атанын Түйтө айылындагы мектепте 50 тонна көмүрдү өрттөн сактап калышты (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Түйтө айылындагы С.Көчөрбаев атындагы мектепте 50 тонна көмүр өрттөнүп кете жаздады. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, мектептин көмүрканасындагы көмүр түтөгөн. Айыл өкмөттөн 2 экскаватор тартылып, бир нече тонна көмүрдү эшикке сүрүп чыгарышты.

Мектептин директорунун орун басары Эрмек уулу Данилдин айтымында, кырсык кечки саат 19:00 чамасында болгон.

«Мектеп жактан өтүп бара жатканда көмүрканадан ис чыкканын байкадым. Жанына барсам түтүн чыгып жатыптыр. Балдарды жардамга чакырып, суу чачтык. Андан кийин өрт чыгып кетпесин деп өрт өчүрүүчүлөрдү чакырдык. Көмүрканадан 20 тоннадай көмүрдү айыл өкмөттүн техникасы менен сыртка чыгардык. Түтүн чыкканы менен көмүрдө өрттөнгөн күлү жок болуп жатат. Себептери белгисиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×