Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 02.09.2019 11:13

Таласта сууга чөгүп жаткан адамды куткарып калган милиционер сыйланды

Turmush -  Бакай-Ата РИИБдин сууга чөгүп жаткан адамды куткарып калган аймактык инспектору медаль менен сыйланды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

«Бакай-Ата РИИБдин аймактык инспектору Бексултан Токталиев Өзгөрүш айылында сууга чөгүп кетүүнүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жаткан учурда бир адам сууга чөгүп кеткен. Ал Өзгөрүш айылынын 50 жаштагы А.Д. аттуу (эркек адам) тургуну болгон. Достору менен сууга түшөм деп шар аккан жерден чыга албай калыптыр. Биздин кызматкер формачан сууга секирип, 150 метрдей агып кеткен жеринен алып чыккан. Куткарылган адам эртеси күнү Бакай-Ата РИИБге келип, ыраазычылыгын билдирген. Бул тууралуу ӨКМ билип, биздин кызматкерге атайын медаль тапшырды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×