Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 17.09.2019 13:40

Айыл турмушу: А.Бейшенов Токтогулдукундай формадагы комуздарды жасап, 5000 сомдон сатууда (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын 54 жаштагы тургуну Айдарбек Бейшенов 5000 сомдук комуздарды чаап, үйлөрдүн чатырларын жаап киреше табат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Анын айтымында, комуз жасоону өз алдынча үйрөнгөн.

«15 жыл мурун комуз жасоого кызыктым. Эч кимден үйрөнгөн эмесмин. Колумдан келерине көзүм жетти. Негизи устачылык таяталарыбызда болгон. Алар дагы комуз чабышчу. Өнөр кан аркылуу өткөн десем болот. Комузду өрүк, жаңгактан чабам. Көбүнчө өрүктөн даярдалат. Комузду жасагандан мурун жалбырактары күбүлгөн жана мөмөсү бышкан кезде кыйылган өрүктүн жыгачын сомдойм. Аны сууга кайнатып, ыштап чабам. Себеби бекем жана добуштуу болот. Буларды айылдыктар сатып алышат. Тартуу кылып жүрдүм.

Комуз чабылып бүткөндөн кийин өзүм чертип текшерем. Текшергенге жарайм (күлүп). Обондуу ырлардан бир шиңгил чертип калам.

Комуздун прима, альт, бас деген түрлөрү болот. Азыркы кезде алардын көбүн ырчы-чоорчулар колдонушат. Комуздарымдын формасы Токтогул атабыздын комузундай сүйрү формада. Материалын ар кимден сатып алам.

2 жылдан бери аз жасап калдым. 1 комузду 10 күндө жасайм. Себеби баарын колго сомдоп даярдайм. Кылың жип менен жасайм. Мыкты үнгө ээ болот. Мурун Иманбек деген чоң атабыз ичегиден жасап берчү. Азыр ал киши жок. Башында жасалган комуздарга ичегиден жасалган кылдарды тагып жүрдүм. Бирок бат эле үзүп салышат экен. Кардарлар 1 аптага жетпей үзүп, алып келип калышчу. Комуздарды оңдоп дагы берем.

Бир күнү «Аалы Туткучевдин окуучусу болом» деп бир жигит келип, комузунун сынып калган кулагын оңдотуп кеткен. Мен талаадан чарчап, кеч келсем да болбой оңдоткон. Түнгө жакын бүткөндөн кийин ыраазы болуп, мени мактап, жамактап ырдаган (күлүп).

Андан тышкары 1985-жылдан бери дубал тургузуп, үйлөрдүн чатырларын жаап устачылык кылам. Бишкекке чейин барып иштеп келем. Чатырларды заманбап кылып жаап калдык. Жумуш татаалдашып кетти десем болот. Жардамчы катары балдарымды, инилеримди же тааныштардан кошуп алам. Бир сезондо 5-6 там салып жүрдүм. Азыр 2-3 там куруп, чатырын жаап калабыз. Жакында эле 200 миң сомго чоң тамдын дубалын тургузуп, чатырын жаптым», - деди ал.

Уста 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×