Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 18.09.2019 09:37

Жаш талант: 17 жаштагы Файзулла техникаларды оңдоп, ат жабдыктарды жасап, устачылыкты аркалап жатат (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылынын 17 жаштагы тургуну Шерип уулу Файзулла ат жабдыктарын жасап, техникаларды оңдоп каражат табат. Аймактык кабарчы жаш уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, устачылык өнөр аталарынан өткөн.

«Чоң атам жыгач, таятам темир уста болгон экен. Бирок мен аларды көргөн эмесмин. Менде алардан берилген шык бар деп ойлойм. Атамдын дагы устачылык өнөрү чоң. Мен атамдан көрүп көптү үйрөнгөм. Ат жабдыктарды эч кимден сабак албай жасагам. Башында эле жасаган ат жабдыктарым купулума толуп, ошондон бери ат жабдыктардын бардыгын жасап калдым. Буйрутмалар коңшу айылдардан бери байма-бай келип турат. Буюмдардын жасалышын атайлап бирөөлөрдөн көрүп үйрөнбөсөм дагы элестетип жасай берем. Ишимдин жыйынтыгы жакшы болот.

Бир туугандарымдын арасынан мен кичинекейимден эле темир-тезекке аралашып жүрөм. Бул иш киреше табууга жардам берет. Өз алдымча тракторлорду чачып, кайра оңдойм. Сырттан караган кишиге жумушум оңой сезилип, чоң акча таап жаткандай болот. Менден 2-3 бала темир ширетүүнү үйрөнүштү. Жанымда жүргөндөр ишимди майда жана оор жумуш дешет, бирок мага жагат.

Камчыларды өрүп, 400-500 сомдон, кайыштан жүгөндөрдү токуп, 1500 сомдон сатам. Буйрутмалар көп, бирок сезону менен жумуш кылам. Мисалы азыр техниканын сезону. Ошондуктан техника айдап, алардын темир-тезегин кесип, ширетип оңдойм. Жазында трактор менен жер айдап, 60 миң сом табам. Анын 20 миң сому тракторду оңдоо иштерине жумшалат. Комбайн дагы айдайм. Күн ысыкта иштеп, суукка дагы карабайм (күлүп). Бош убакыт таба коюп улак чаап, ат оюндарын ойнойм. Мени көптөр «Универсал бала», «Улакчы темир бала» деп аташат. «Жаш болсоң дагы бардык иш колуңдан келет» дешет. Алдыда ушул иштеримди кесип катарында алып кетем. Себеби каражат тапкан булагым», - деди ал.

Жаш уста 5 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×