Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 18.09.2019 23:50

Айыл турмушу: Бакай-аталык Т.Көкжолоков 15000 сомдук мештерди жасап сатууда (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын 32 жаштагы тургуну Талгат Көкжолоков 15000 сомдон өйдө бааланган мештерди жасап келе жатат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча скульптор.

«Скульптор кесибимди жакшы көрөм. Бирок айылда ал боюнча жумуш аз болгондуктан үйгө жылуулук системасын киргизүү менен бирге анын мешин жасаганды үйрөнүп, 3 жылдан бери айылда иштеп жатам. Жумушумду баштаганымда эле эл тарабынан буйрутмалар көп болуп жатты. Мештерди үйдөн жасайм. Баары ушул жерден алып кетишет. Жасаган мештерди үйлөрүнө дагы алып барып коюп берем. Алдын ала меш кайсы жерге коюла турганын көрүп алсам ченеп-өлчөп жасоо оңой болот. Кардардын меш койчу жери туура келбей калса убара болуп калат.

1 мешти 2 күндө бүтөм. Жасагандарым өлчөмүнө жараша 15000 сомдон өйдө сатылат. Мен нааразы сөздөрдү укпайын деп аябай кылдат карап жасайм. Чакан меш жасалса дагы анын бөлмөлөрдү ысытууга күчү жете турган болот. Эл газ системасындагы мештерди да талап кылып калгандыктан ошол тармакта көп иштейм», - деди уста.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×