Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 20.09.2019 09:15

Айыл турмушу: 18 жаштагы Г.Муратова айылдагы тойлордо тамак-аштарды жасап ишкерлик кылууда (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылынын 18 жаштагы тургуну Гүлнур Муратова ашпозчулук менен алектенип жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 6-классынан бери ар кандай тамак-аштарды, салаттарды, таттууларды жасаганга кызыга баштаган.

«Ата-энемдин Таласта чакан кафеси бар. Окуудан чыккандан кийин ал жакка барып, ашпозчулардын жасаган тамак-аштарына кызыгып, аларды карап үйрөнүп алгам. Кийин Бишкектен ашпозчулуктун 3 айлык курсун окуп келдим. Ал жактан ар кандай европалык тамак-аштарды, салаттын түрлөрүн жасаганды үйрөнүп келдим. 1 жылдан бери Талас ичинде буйрутма берген жерлерге барып, тамак-аштарды жасап, көп кардарларды ыраазы кылып келе жатабыз. Көбүнчө кыз узатуу, бешик той, куда тосууга бардык. Азыр көпчүлүк бризоль жасаганга буйрутма берип калышты. Эң биринчи буйрутма келгенде бөлөк үйгө барып, уялып, кызыктай болгон элек. Андан кийин экинчи буйрутма түшкөндө бир аз көнүп калдык.

Учурда эжем экөөбүз иштейбиз. Бир тойдон түшкөн каражатты экиге бөлүп алабыз. Мисалы, киши башына 150 сомдон эсептелинет. 40 киши болсо 6000 сом тапсак 3000 сомдо бөлүп алабыз. Кардарларга керектүү азык-түлүктөрдү жазып беребиз. Салаттарды жасаганга 2-3 саат убакыт кетет. Ал эми тамактарды болсо конок келгенге жараша жасайбыз. Ашпозчулук кесипти дагы үйрөнсөм деп ойлойм. Москвадан окуп келип, Таласта ашпозчулук кесипти үйрөнгөнгө курстарды ачсам деген пландарым бар. Үй-бүлөм мени колдоп турушат. Анткени ашпозчулук кесип менин сүйүктүү кесибим», - деди ал.

Гүлнур үй-бүлөдө 3 бир тууган. Өзүнөн кийин 2 иниси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×