Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 20.09.2019 21:37

Бутубуз сынганына карабай иштеп жүрдүк: Гүлзада айымды айылдагылар «Жаны жок айым» деп аташат (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын 29 жаштагы тургуну Жеңиш кызы Гүлзаданы айылдаштары «Жаны жок айым» деп аташат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ушул эле айылда чоңойгон. Жолдошу Муханбет экөө 2008-жылы баш кошкон.

«Жолдошум Муханбет менен 3 жыл сүйлөшүп жүрүп, 2008-жылы баш коштук. Экөөбүз мектептеги курагыбыздан эле тааныш болчубуз. Ошол кезде эле жолдошум мени бышык деп көз салып жүрчү экен. Апама: "Тамара эже, Гүлзаданы мага бериңиз" деп айтып, үйгө күн алыс келе берчү. Жолдошум ачык мүнөз болгондуктан апама түз эле келип: "Кызыңызды жолугушууга чыгарып коюңузчу" деп калчу (күлүп). Бирок апамдын тарбиясы сиңдим экөөбүз үчүн катуу болчу. Азыр сиңдим экөөбүз апама тарбиясынын бекемдигин айтып калсак, ал: "Ошондо дагы нааразы боло бересиңер го" деп тамашалап калат.

Бир күнү жолдошум жамгыр төгүп жаткан учурда аппак кийимдерди кийинип келип алыптыр. Мен жолугушууга чыга албайм десем айнек тарапта сүйлөп отурган. Бир маалда үнү чыкпай калган. Кетип калган го деп көңүл бурган эмесмин. 3-4 саат өтүп, күүгүм болуп калган. Айнектен сыртта нөшөрлөп жаап жаткан жамгырды карасам эле ылдый жактан көзүмө бир нерсе көрүнгөндөй болуп кетти. Карасам жолдошум сүйлөп отуруп, ошол жерде уктап калыптыр. Бүрүшүп алып уктап жатат. Ошону унутпайм, азыр аны айтсам уялып калат (күлүп).

Муханбет 4 бир туугандын улуусу. Ишине берилген мээнеткеч. Трактор айдап, курулуш иштеринде эмгектенет. Колунан баары келген уста. Өзүм болсо жашымда эле келин болуп келдим. Бирок жумуш, үй тиричиликтен кыйналган жокмун. Себеби апам ата ордуна ата, апа ордуна апа болуп жумушка бышырган. 5-классымдан талаа иштерине аралашып, апам ашпозчу болгондуктан тамактын бардык түрүн жакшы жасап калгам.

Балдарымды багууда кайын энем чоң жардам берди. Турмуш куруп, талаа жумуштарында иштеп, элге жардам берип, өзүбүзгө тыйын-тыпыр таап келебиз. Эч нерсеге карабай эмгектенип жүрүп, балдарыбызды үйлүү кылдык. Мени айылдаштар «Жаны жок айым» деп айтышат. Себеби кара жумуш жасасам дагы аны чын дилим менен аткарам. Кесипке ээ болбосом дагы жайы-кышы иштеп каражат табам.

Бир жылы бутум сынып калды. Жаңы балдак менен басып калганда жолдошумдун дагы оң буту сынды. Дарыгерлер «1 ай баспаш керек» деген. Бирок иштеш керек деп, 10 күндө эле кара жумушка чыгып кеттик. Табыптар: "Элдин көзүнө урунуп, тынбаган мээнетиңер менен көзүгүп калгансыңар" дешкен. Балдарыбыздын бактысы эч нерседен кем болбосо экен дейбиз. Кээде жолдошум "иштебей эле койчу" дейт. Себеби катуу чарчаганымдан чай ичип отурганда уктап калган күндөрүм болот (күлүп). Аппак халатты кийип дарыгер болсом деп кыялдангам. Эми келечекте балдарым дарыгер болгонун көрсөм дейм», - деди ал.

Гүлзада айым 3 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×