Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 27.09.2019 11:57

Айыл турмушу: Жол инспектору А.Бейшенов наабайчылыктан киреше табууда

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын 29 жаштагы тургуну Алмазбек Бейшенов наабайкана ачып, 2 айылдашын жумуш менен камсыз кылды. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, наабайкана иштетүү түйшүктүү жумуш.

«Кесибим боюнча жол коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча кызматкермин. Шартка байланыштуу самаган кесибим менен иштебей турганымды билип, ашпозчулук боюнча окууну бүтүп алдым. Ашпозчу болуп борбордо бир топ жыл эмгектендим. 3 бир туугандын улуусу болгондуктан ата-энеме жардам берип айылда калдым. Ашпозчулук тажрыйбам менен наабайкана ачып, 2 адамды жумуш менен камсыздап келем. Аны ачууну 2 жылдан бери пландап, аракетимди жасап жүрчүмүн. Шартым болуп наабайкана ачтым. Карап көрсөм той-топурлар болуп, нанга буйрутма беришет. Алыстан убара болуп ташып келбесин деген ойдо ачтым. Анын үстүнө нандын ушул түрүн жасагандар коңшу 2 айылда гана бар экен. Көмөч нан бышыруу боюнча наабайканалар арбын.

Керектүү жабдыктардын баарын Бишкектен алып келгем. Учурда нандын бир түрүн гана жасайбыз. Башында план менен 2-3 түрүн жасап жүрдүк. Бирок айыл ичине сатуу оор болуп калат экен. Чыгашамды эсептеп, кымбатыраак 20-22 сомдон сатсам өтпөй калып жатты. Баарын көрүп, бир түрүн чыгарууга токтолдум. Нандарды наабайкадан алып кеткендер бар. Бирок 90% дүкөндөргө таратам. Жумушчулардын айлыктары 8500 сомдун тегерегинде жана үйүнө нан ала кетишет.

Нандар кадимки ачыткы, суу менен жасалат. Катып калбасын деп 1 кап унга 2 литр өсүмдүк майын кошобуз. Нандарды дүкөндөргө 14 сомдон таратам. Күн ысыкта өтпөй калган нандарды кайра алып келем. Ошондой жагдайлар болуп турат. Ошондуктан кээде чыгымды гана жаап калган учурлар болот.

Түйшүккө чыдап, ишибизди токтотпой, нандын сапатын жоготпой, көлөмүн кичирейтпей иштегенге умтулабыз. Жаңы буудай чабылган кезде ундан кыйынчылыктар болот. Алар сууну көтөрө албай камыр өзүн таштап, нандар формага келбей калат. Ошол маалга ылайыктап унду алдын ала алып койгонго аракет кылам. Айына 20 миң сом таза пайда табам. Алдыда наабайкананы кеңейтип жана ун азыктарын көбөйтүүнү максат кылып жатам», - деди ал.

Алмазбек мырза 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×