Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 24.09.2019 14:12

Айыл турмушу: Н.Бейшенова элетте ишкерчиликтин эбин тапты (сүрөт)

Turmush -  Талас облусунун Бакай-Ата районунун 37 жаштагы тургуну Нурайым Бейшенова тигүү цехин ачып, айылдаштарын жумуш менен камсыз кылды. Элеттик ишкер айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Нурайым Бейшенова 1982-жылы Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Учурда аталган айылда үй-бүлөсү менен жашайт.

«Айыл жергесинде маяналуу жумушта иштеген кыз-келиндер аз, бирок кесибим боюнча иштейт элем дегендер четинен чыгат. Өзүм бир кесипке ээ болбосом дагы тигүүчүлүк менен жакшы киреше тапса боло турганын билип, апам үйрөткөн кол өнөрчүлүк менен алектенип жүрдүм. Азыр өзүмдүн үйүмдөгү бир бөлмөнү цех кылып ачып, кыз-келиндерди жумушка чакырдым. Буйрутмалар көп болгондо баш көтөрбөй эмгектенебиз», - дейт ал.

Н.Бейшенова үй-бүлөдө 8 бир тууган. Өзү 2 уул, 2 кыздын апасы.

«Алгач 1 тигүү машинасы менен ишти баштап, аны менен 5 жыл иштедим. Ага 3 тигүү машинесин бардык шаймандары менен коштум. Акыркы 2 жылдан бери түрдүү чапандарды шырып, колго тигебиз. Буйрутма көп болууда. Бир чапан 2000 сомдон жогору узундугуна жараша бааланат. Биздин тиккен кийимдер базар баасына салыштырмалуу арзан. Ар бир сезонго ылайыктуу кийимдер тигилет. Мындан тышкары, кыздын себине керектүү жууркан, төшөктөрдү тигебиз. Аны 10000-12000 сомго чейин даярдап беребиз.

Цехте 5 жумушчу бар, аларга жумасына 2500 сомдон эмгек акы төлөнөт. 19 жаштагы улуу кызым дагы жардам берет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×