Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 24.09.2019 14:50

«Мурду-башым сынып...»: Экинчи турмушунан бакыт тапкан Саадабүнүн баяны

Turmush -  Бакай-аталык жубайлар — Канатбек менен Саадабү экөө тең экинчи турмушун 27 жыл мурун куруп, балдарын эрезеге жеткирип, бактылуу жашап келишет. Учурда жубайлар Бакай-Атанын Өзгөрүш айылында жашайт. Алар менен аймактык кабарчы таанышты.

Мамашова Саадабү 1968-жылы Бакай-Атанын Боо-Терек айылында төрөлгөн.

«Мен 13 бир туугандын төртүнчүсүмүн. Көп балалуу, чоң үй-бүлөдө өсүп, бири-бирибизге билбегенибизди айтып көрсөтөр элек. Ошондой шартта жүрүп, жумушка бышып чоңойдум. Жеңелериме нан бышырганды апамдын ордуна мен үйрөтүп койчумун (күлүп). Мектепти жакшы окуп аяктадым. Билим сапатымдын көрсөткүчү бийик болгондуктан 8-классты бүтүп, Москва шаарына барып келгем. Өзүмдү тың алып жүрүп, бирөөгө жакшы мамилени гана көрсөтчүмүн.

Кыз баланын убагы келгенде турмуш жолуна аттанат эмеспизби. Ошентип бир жигитке турмушка чыктым. Биринчи балам 5 ай болгондо ал үйдөн чыгып кеттим. Үй-бүлө күткөндөн кийин жакшысы менен бирге жаманы дагы ээрчийт экен. Ооба, сабырдуулук менен жеңишке жетебиз, бирок токмоктун азабынан кыйынчылык болду. Колдорум, мурду-башым сынып, аябай эле кордук көрдүм. Экинчи турмушка чыкпайм дегем, көңүлүм аябай калган. Бирок эл менен эл экенсиң.

Бир эжебиз аркылуу экинчи жолдошум Канатбек менен таанышып калдым. Ошол эжебиз көп акыл-насаатын берген эле. Жолдошумдун дагы биринчи турмушунан 1 уул жана 1 кызы бар. Аларга кийин үлүш жерлерин бөлүп бергенбиз. Биздин жердин жанында алар дагы дыйканчылык кылышат. Алар мен келгенде кичинекей болчу. Эч нерседен кем кылбай багып чоңойттум.

Бир турмуштан кийинки куралган үй-бүлөнү бекемдеп, балдарды атасыз же апасыз таштабай эрезеге жеткирдик. Азыр шүгүр, жашоонун бактысында жашап келебиз. Баш кошконубузга 27 жыл болду. Анын аралыгында 2 кыз жана 1 уулдуу болуп, жалпы 6 балабыздын очор-бачар болгон кичи мамлекеттерине күбө болуп келебиз. Ниети жакшы адамдар көп болуп, баарыбызда тынчтык болсо деп тилеп келем. Бала үчүн чыдап жашоо менен көп нерсени жеңдик десем болот. Жолдошум мени иштетпей, “балдарга кам көрүп, убактыңды аларды багууга гана арна” деген. Азыр бизди баары сыйлап турушат, бирөөгө жамандыгыбыз жок», - деди ал.

Мамашова Саадабү: «Мен 1992-жылы келдим, ошондо кайын энем бар болчу. Ал кишини апалап турчумун. Кары кишинин батасы жолуңду түзөп берет дегени чындык экен. Батасын көп алдым. Азыр келиндерим менен сырдашып, кыздарымдай мамиле жасайм. Алар дагы аны сезип-туюп, мени курбусундай кылып алышат (күлүп). Бирок чектен ашышпайт. Бош убакта обон созуп, артист болбосом дагы ырдап калам.

Алдыга умтулуп, жакшы нерселерге күбө бололу деп жашайбыз. Эл менен элбиз, баары сыйлашат. Азыркы заманда баарыбыз тирилик деп калдык. Көңүлдү дагы артта калтырганды жаман көрөм. Куудулданып, жакындарды тамашага салып, артисттерди туурап калам. Мени “артист Назира Жетигенова” деп коюшат. Тамаша сөздөрдү тизмектеп юмор жаратып турам», - деди.

Канатбек Осмонов 1960-жылы Бакай-Атанын Өзгөрүш айылында төрөлгөн.

«Мен колхоздо өмүр бою тракторчу болуп иштедим. Азыр дыйканчылык кылам. Биздин көчөнүн эли ар бир уруудан чогулган жамаатпыз. “Эмгегиңди коңшуңа айтат” дегендей мени эмгекчил байке дешип жакшы көрүшөт (күлүп). Балдарды мээнетке тарбияладык, аларды ургулап соккон жокпуз. Биздин көзүбүз барда эркелеп алсын дейбиз. Мен кичинекейимде гитараны капка салып алып ырдап жүрчүмүн. Мага жардам берген бирөө болгондо менден мыкты музыкант чыкмак. Агам ыр жазат. Бирок балдарым ырдашат, музыкага жакын.

Жакшы чоң ата жана чоң апа болгонго аракет кылып келебиз. Уул-келиндеримди, кыздарымды эркелетем. Аларга "силер тамак ичпесеңер менин курсагым тойбойт" дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×