Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 25.09.2019 11:22

Айыл турмушу: Атадан өткөн өнөрдөн баар тапкан А.Эрменбаев (сүрөт)

Turmush -  Талас облусунун Бакай-Ата районунун 41 жаштагы тургуну Алтынбек Эрменбаев атасынын жолун улап, устачылык менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1978-жылы Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн.

«Мектепти аяктагандан бери эле устачылык өнөрдү аркалайм. Бала кезимен атамдын устачылык ишине аралашып жүрүп такшалдым. Атам союз убагында комбайн айдап, аны менен катар темир устачылык менен күнүн өткөрдү. Бизде муундан-муунга өткөн устачылык өнөр бар.

Азыр унааларды оңдоп жана түрдүү дарбаза жасап иштейм. Бул боюнча 10 жылдай борбордо эмгектенип, жакшы тажрыйба топтодум. Азыр жаштарга жана балдарыма дагы устачылыкты үйрөтүп жатам. Кээ бири дээринде болуп, менден жакшы өздөштүрүп алышат. Андай учурда аябай кубанам, себеби устатым деп айтып жүрөт жана иштеген ишинен өзү үчүн пайда көрөт. Менин дагы балдарым өз алдынча иштеп калышты», - дейт ал.

Анын айтымында, ал дайыма изденүүнүн үстүндө.

«Элдикинен башкача кылып жасаганды жактырам. Кардарларга унааларын оңдоп берем. Кээде жасаган ишиме жараша 40-50 миң сом акы алам. Күнүнө 1000 сомдой пайда көрөм. Алдыда күнөскана куруп жана жараксыз унаалардан өзгөчө унаа кураштырууну көздөп жатам», - деди ал.

Алтынбек Эрменбаев 7 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×